Товарларды эсептен чыгаруу
Көбүнчө товарлар сатылганда кампадан чыгарылат. Бирок чгаруунун башка себептери да бар. Мисалы, алмаштыруу, зыян келтирүү, бекер берүү, жеке муктаждыктар үчүн пайдалануу, форс-мажордук жагдайдан улам жоготуу, уурдоо.
Кампа калдыктары иш жүзүндөгү калдыктарга дал келүүсү үчүн, биз мындай чыгарууларды Эсептен чыгаруу документин колдонуу менен таиздөөнү сунуштайбыз.
Документ түзүү
Кампа калдыктары иш жүзүндөгү калдыктарга дал келүүсү үчүн, биз мындай чыгарууларды Эсептен чыгаруу документин колдонуу менен тариздөөнү сунуштайбыз.
Товарлардын кошумча барагында докункт түзүү үчүн:
- Эсептен чыгара турган бир же бир нече товарларды тандаңыз. Эгерде Сиз, бардык товарларды тандагыңыз келсе – тилке аталышындагы Аталаышты желекче менен белгилеңиз.
Товарларды ыңгайлуу топтук тандоо үчүн чыпкаларды же топтук тандоону колдонуңуз.
Көңүл буруңуз! Документке 1000 саптан ашык киргизүүнүн сунуш кылбайбыз. Эгерде база көрсөтүлгөн сандан ашып кетсе, анда көлөмдү бир нече документтерге бөлүңүз.
- Жогорку менюдан + Документти басыңыз.
- Ачылган тизмеден Эсептен чыгаруну тандаңыз.
Тандалган товарлар документтин таблица бөлүгүнө кошулат.
Товарлар жөнүндө маалыматтарыд киргизүү
Документтин таблица бөлүгүн товарды кол менен тандоо сабы аркылуу издөө же сканерди колдонуу менен аркылуу толтуруңуз. Сканерди колдонуп жатканда, чычканчанын курсорун товарды тандоо сабына коюп, андан кийин штрих-кодду сканерлей баштаңыз.
Эгерде Сиз, бүтүндөй товардык топту эсептен чыгарышыңыз керек болсо, анда товарды тандоо сабынын сол жагындагы ачылуучу тизмеден бир же бир нече топту тандап, таблица бөлүгүн толтурсаңыз болот. Бул учурда, документ тандалган топтордун бардык позициялары менен автоматтык түрдө толтурулат.
Тандалган буюмдардын санын белгилеңиз. Муну кол менен же штрих-кодду бир нече жолу эсептеп, сканерлөө аркылуу жасоого болот, ар бир эсептөөгө санына карата +1 кошулат.
Эсепте көрсөтүү
Эгерде Сиз документтер менен иштөөнү аяктасаңыз, ал туура толтурулганына көзүңүз жетсин, андан кийин документтин аталышынын жогорку сол жак бурчундагы Өткөрүлгөн жүгүртмөнү активдештириңиз жана Өткөрүү баскычын басыңыз.
Эсептен чыгаруу документин өткөргөндөн кийин: кампадагы калдык азаят.
Документти кантип сактоо жана иштетүү боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн нускамаларды окуңуз.