Soft Riteil logo
Тарифы Инструкции Установка
KY
RU
Тарифы Инструкции Установка
Кирүү
Cookies Cookies
Accept All
Колдоо
Товарларды эсепке алуу
Товарлардын келип түшүүсү
Баштоо
Тиркемени орнотуу
Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр
Товарлар менен иштөө
Товарды түзүү
Товарды оңдоо
Товарды өчүрүү
Еxcelдеги импорт жана экспорт номенклатуралары
Баалыктар жана этикеткалар
Товардык топтор менен иштөө
Минималдуу калдык
Товарларды эсепке алуу
Ишке ашыруу
Товарлардын келип түшүүсү
Жеткирүүчүгө кайтарып берүү
Документтер менен иштөө
Инвентаризациялоо
Товарларды эсептен чыгаруу
Товарларды комплектөө
Товарларды комплектен чыгаруу
Товарлардын кыймылы
Кайрадан баалоо
Коомдук тамактануу жана өндүрүш
Технологиялык карталар
Өндүрүштөн чыгаруу
Технологиялык карталарды көчүрүү
Тамактын сатып алуу баасын кайра эсептөө
Отчеттор жана аналитика
Негизги көрсөткүчтөр
Товардын карточкасындагы аналитика
Продукт кыймылы жөнүндө отчет
Пайда боюнча салыштыруу отчету
Сатуу реестри
Товарлардын калдыктары
Контрагенттер менен эсептешүүлөр
КНС боюнча отчет
Сактоо мөөнөттөрү
Бириктирилген көрсөткүчтөр
Интернет-магазины
Создание витрины
Поставщики и покупатели
Создание контрагента
Редактирование контрагента
Аналитика в карточке контрагента
Контрагенты в документах товарного учета
Заказ поставщику
Взаиморасчеты с контрагентами
Платеж
Печатные формы документов
Тейлөө
Кошумча тейлөө
Excelден номенклатураны тез түзүү
Документтин басылган формасын жөнгө салуу

Товарлардын келип түшүүсү

Эгерде Сизге жеткирүү келип калса, жаңы баалар жана калдыктар менен товарлар кассада пайда болушу үчүн аны дүкөнгө кириштөө керек. Бул Софт Ритейл инвентаризациясын башкаруу тиркемесин колдонуу менен жасалышы мүмкүн. Тиркеме аркылуу кабыл алуу жөнөкөй жана ыңгайлуу!

  • кассирди сатуудан алагды кылуу менен, терминалды ээлө талап кылынбайт.
  • бардык келген товарлар үчүн баалыктарды дароо документтен басып чыгарууга болот.
  • колунда жеткирүүчүнүн коштомо кагазы болсо, аралыктан жасаса болот.

Документтен коштомо кагаздарды чекене жана сатып алуу баалары менен басып чыгарса болот.

Сиз ошондой эле Excel макетиңиз боюнча документтин басылган формасын жөнгө салууга заказ берсеңиз болот.

Документ түзүү

Документтер/Товардык эсеп кошумча барагына өтүңүз. Жогорку башкаруу менюсунда ""+"" баскычын басып, Товардын келип түшүүсү документин тандаңыз.

Документтин аталышында Оператор жана Комментарий талааларын өз ыктыярыңыз менен толтуруңуз. Документтин номери жана датасы автоматтык түрдө түзүлөт. Бардык документтер учурдагы күн менен гана түзүлөт.

Товарлар кошумча барагында документ түзүү үчүн:

  • Өткөрүп ала турган бир же бир нече товарды тандаңыз. Эгерде сиз бардык товарларды тандагыңыз келсе, тилкенин аталышындагы Аталышы желекчесин белгилеңиз.

Товарларды ыңгайлуу топтук тандоо үчүн чыпкаларды же топтук тандоону колдонуңуз.

Жогорку менюдан + Документти басыңыз.

Ачылган тизмеден Товарлардын келип түшүүсүн тандаңыз.

Тандалган продуктылар документтин таблица бөлүгүнө кошулат.

Көңүл буруңуз! Документке 1000 саптан ашык киргизүүнү сунуш кылбайбыз. Эгерде база көрсөтүлгөн сандан ашып кетсе, анда көлөмдү бир нече документтерге бөлүңүз, анткени көп сандагы позициялар менен документ техникалык жактан өтпөйт

Товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүү

Софт Ритейл документке товарларды кошуу үчүн аспаптардын кеңири топтомуна ээ:

  • Excel файлынан жүктөө.
  • Сканердин жардамы менен товарды тандоо: чычканчанын курсорун товардын тандоо сабына коюп, андан кийин штрих-кодду сканерлей баштаңыз.
  • Кол менен издөө аркылуу товары тандоо: чычканчанын курсорун товарды тандоо сабына коюп, клавиатурага изделүүчү параметрди терип баштаңыз.
  • Эгерде Сиз, бүтүндөй товарлар тобун өткөрүп алышыңыз керек болсо, анда товарды тандоо сабынын сол жагындагы ачылуучу тизмеден бир же бир нече топту тандап, таблица бөлүгүн толтурсаңыз болот. Бул учурда, документ тандалган топтордун бардык позициялары менен автоматтык түрдө толтурулат.

Эгерде товар базада жок болсо, документтен чыкпастан, жаңы товардык карточкалрын түзүңүз.

Тандалган буюмдардын санын белгилеңиз. Муну кол менен же штрих-кодду бир нече жолу эсептеп, сканерлөө аркылуу жасоого болот, ар бир эсептөөгө санына карата +1 кошулат.

Мурда кампада болгон продукт үчүн сатып алуу жана чекене баалар товардын карточкасынын автоматтык түрдө жүктөлөт. Эгерде жеткирүү учурунда сатып алуу баасы өзгөрсө, таблицага жаңы сатып алуу жана чекене бааларды көрсөтүңүз.

Биз, өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин карточкада кандай баалар болгонун көрүү үчүн, мурдагы сатуу баасы талаасын документке коштук.

Документте ошондой эле баалар менен ыңгайлуу иштөө каралган. Товарларды белги менен белгилеңиз, Баа аракеттери баскычын активдештириңиз жана функцияны тандаңыз:

  • Товарлардын чекене баасын жалпы өзгөртүү үчүн бааларды эсептеңиз.
  • Документти өткөргөнгө чейин карточкадагы товарлар жөнүндө маалыматты жаңыртуу үчүн, товардын карточкасына бааны жазыңыз.

КНС коюмунун талаасы демейдегидей товардын карточкасынын мааниси менен толтурулат, зарыл болсо, өткөрүп алууда КНСтин коюмун карточкага өзгөртүүлөрдү киргизбестен, баштапкы документ катары көрсөтүүгө болот. КНСтин кошумча талааларын көрсөтүү үчүн (КНСсиз баа, КНСтин суммасы жана КНСсиз сумма) аталыштагы жебени басыңыз.

Документтин таблицалык бөлүгүн толтургандан кийин, жалпы саны жана сатып алуу суммасы жеткирүүчүнүн документине дал келээрин текшериңиз.

Жаңы товарлардын келиши

Эгерде жеткирүүдө дүкөндө мурда жок болгон позициялар болсо (аталышы боюнча кол менен издөө жана сканер менен натыйжа берген жок), программа жаңы товарды түзүүнү сунуштайт. Товардын карточкасы ачылат, ага төмөнкү маалыматтарды киргизишиңиз керек:

  • аталышы
  • өлчөө бирдиктери;
  • штрих-код (заводдук штрих-коду жок товар үчүн, ал карточкада түзүлүшү мүмкүн же бул талааны өткөрүп жиберсе болот);
  • Товардын тобу
  • Товардын түрү (товар демейдегидей эле коюлат).
  • артикул (милдеттүү эмес талаа).

Көңүл буруңуз! Карточкага санын, чекене жана сатып алуу баасын көрсөтүүнүн кереги жок. Бул маалыматтар Товардын клип түшүүсү документи сакталгандан кийин карточкага киргизилет.

Excel'ден продуктыларды жүктөө

Келип түшүү документине маалыматтарды импорттоо үчүн, Excel файлын жүктөө баскычын басыңыз.

Жүктөө үчүн файлды даярдоодо, Excelден импорт барагындагы сунуштарды колдонуңуз.

Импорттоо опциясын колдонууда документтин таблица бөлүгү өзгөртүлүп, таблицанын сол жана оң бөлүктөрү пайда болот:

  • сол бөлүгү - бул, жеткирүүчүнүнү документтеринин жүктөлгөн маалыматтары;
  • оң бөлүгү - бул, Келип түшүүлөр документинин колдонуучу маалыматтары.

Документке жеткирүүчүнүн твардык позициялары жүктөгөндөн кийин, таблицанын оң жагын толтуруу керек.

Оң бөлүк кол менен толтурулушу мүмкүн (оң бөлүктүн сабында издөө же түзүү), ошондой эле автоматтык түрдө Аталашы жана /же Артикулу жана/же Штрих-коду боюнча позицияларды салыштыруу жолу менен толтурса болот. Бир нече ыкмалар менен издөө мүмкүн. Мисалы, товардын негизги бөлүгүн штрих-код боюнча, калганын Аталышы боюнча салыштырыңыз. Жүктөлгөн маалыматтардын негизинде жапырт жаңы тварларды түзүүгө да болот.

Оң жактагы саптарды автоматтык түрдө толтуруу үчүн, Импорт баскычын басып, салыштыруу ыкмасын көрсөтүңүз:

  • Артикул боюнча салыштыруу
  • Штрих-код боюнча салыштыруу
  • Аталашы боюнча салыштыру үчүн. жана/же жаңы товарларды түзүү.

Саны, сатып алуу баасы, өлчөө бирдиги, баасы, суммасы жүктөлгөн файлдын негизинде автоматтык түрдө толтурулат.

Оң бөлүгүн толтургандан кийин, маалыматтарды текшериңиз. Алар жеткирүүчүнүн документ маалыматтарына дал келишин текшериңиз. Зарыл болсо, кандайдыр бир оңдоолорду киргизе аласыз: сызыкты кошуу же жок кылуу, санын, баасын оңдоо, продукт каталогундагы атын же өлчөө бирдигин өзгөртүү.

Көңүл буруңуз! Эгерде товарлар базасында мурунтан эле бар болсо, анда салыштыруу учурунда төмөнкү талаалар гана жаңыланат: Баланс, Сатып алуу баасы жана Сатуу баасы.

Эсепте көрсөтүү

Документ менен иштөөнү аяктаган болсоңуз, анын туура толтурулганын текшериңиз, андан кийин документтин аталышынын жогорку сол бурчундагы Өткөрүлгөн жүгүртмөнү активдештирип, Өтеөрүүнү басыңыз.

Товарлардын келип түшүүсү документин өткөргөндөн кийин: кампадагы калдыктар жана жеткирүүчүнүн карызы көбөйөт.

Документти кантип сактоо жана иштетүү боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн нускамаларды окуңуз.

Баалыктарды басып чыгарууну унутпаңыз. Муну өтөрүп алуу документинен анын ичиндеги бардык товарларды жеткирүүдөгү саны боюнча да, ар бир позиция үчүн 1 даанадан да жасоого болот. Баалыктарды басып чыгаруу үчүн, товарды тез издөө сабынын оң жагындагы штрих-код белгисин басыңыз, баалыктарды толтуруу жана керектүү жөнгө салуу форматын көрсөтүңүз. Баалыктарды түзүү жөнүндө толук маалыматты нускамадан таанышсаңыз болот.

Макалада
Документ түзүү Товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүү Жаңы товарлардын келиши Excel'ден продуктыларды жүктөө Эсепте көрсөтүү
Soft Riteil logo
Поддержка
Частые обращения
пользователей
Инструкции Поддержка
Товарный учет
Обновления Товарный учет
Софт ритейл
Тарифы
Информация
Оферта Правила использования
сервиса
Политика конфиденциальности

Your request has been
submitted successfully