Товарларды комплектөө
Эгерде бир нече айрым позициялардан товардык топтом чогултушуңуз керек болсо, Комплектация документин колдонуңуз. Бул документ товардык топтомдун курамдык бөлүгүнүн калдыктарынан көрсөтүлгөн санда эсептен чыгарып, сатууга даяр комплектти кириштейт.
Мисалы, таразага тартылуучу конфеттердин жана белек таңгактарынын бир нече түрлөрүнөн «Жаңы жылдык белек балатысын», жана таразага тартылуучу ар кандай жемиштерден «Мөмө-жемиш корзинасын» чогултуш керек. Канча конфет жана жемиш чыгымдалганын жана канча конфет жана жемиш себети жасалганын көрсөтүңүз. Документ эсептеги таразага тартылуучу конфеттерди жана жемиштерди эсептен чыгарып, даяр топтомдорду кириштейт.
Документ түзүү
Документтер/Товардык эсеп кошумча барагына өтүңүз. Жогорку башкаруу менюсунда "+" баскычын чыкылдатып, Комплектация документин тандаңыз.
Документтин аталышындагы Оператор жана Комментарий талаалары каалагандай толтурулат. Документтин номери жана датасы автоматтык түрдө түзүлөт.
Товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүү
Таблица бөлүгүн толтуруңуз:
Биз эмне чогултабыз:
- Тандоонун жогорку сабына кайсы топтомду чогултуп жатканыңызды көрсөтүңүз. Эгерде мындай товар сатыкта болсо, аны тизмеден тандаңыз. Эгер бул жаңы продукт болсо, "+" баскычын басып, жаңы карточка түзүңүз.
- Топтомдордун санын көрсөтүңүз (канча комплект чогултулат жана эсепке кириштелген).
- Эгер сиз жаңы товарды чогултуп жатсаңыз, ага чекене бааны коюңуз. Эгерде позиция жаңы эмес болсо, анда баа карточкадан автоматтык жогорулайт, бирок зарыл болгон учурда аны түздөн-түз документте өзгөртүүгө болот.
Эмнеден чогултабыз:
- Сканер же кол менен тандоонун төмөнкү сабына – айрым кайсы товарлардан топтом чогултулганын көрсөтүңүз. Тандалган позициялар документтин таблица бөлүгүнө кошулат. Эгер ашыкча товар кошулган болсо, аны чычканчаны чыкылдатуу менен тандап, Корзина белгисинин жардамы менен өчүрүңүз.
- Бардык товарлар үчүн санын көрсөтүңүз - "белектерди" же "жемиш себеттерин" чогултууга канча таттуулар, жемиштер жана майрамдык таңгактар колдонулган.
Комплекттин өздүк наркы:
- Комплекттин өздүк баасы чыгымдалган товарлардын өүк наркынын суммасынан автоматтык түрдө эсептелинет. Текшерүүнү жана керек болсо комплекттин чекене баасын оңдоону унутпаңыз.
Эсепте көрсөтүү
Эгерде Сиз документтер менен иштөөнү аяктасаңыз, ал туура толтурулганына көзүңүз жетсин, андан кийин документтин аталышынын жогорку сол жак бурчундагы Өткөрүлгөн жүгүртмөнү активдештириңиз жана Өткөрүү баскычын басыңыз.
Комлектация документи өткөрүлгөндөн кийин: топтомону кириштейт жана ал чогултулган товардын калдыгын эсептен чыгарат.
Документти кантип сактоо жана өткөрүү тууралуу толук маалыматты нускамадан окуңуз.
Көңүл буруңуз! Эсептен өткөрүлгөн документти түзөтүүгө болбойт.
Товар топтомдору үчүн баалыктарды басып чыгарууну унутпаңыз. Баалыктарды түзүү жөнүндө толук маалыматты нускамадан таанышсаңыз болот.