Инвентаризациялоо
Инвентаризация жүргүзүү эсепте реалдуу факты жүзүндөгүлөрдү көрсөтүүнүн бирден бир ыкмасы. Үзгүлтүксүз текшерүүлөр кызматкерлердин уурулугун жана ак ниетсиз эмгегин токтотууга жардам берет. Инвентаризациялоо кемчиликтерди аныктоого гана эмес, ошондой эле кассирдин каталарынын натыйжасында келип чыккан кайрадан ылгоо эсебинде оңдоого мүмкүндүк берет. Софт Ритейл тиркемесинде Сиз бүтүндөй чекене кампаны, ошондой эле тандалган товардык топту же айрым позицияларды инвентаризациялай аласыз. Документте жок позицияларга таасир этпейт.
Көңүл буруңуз! Эгерде Сиз бардык ассортиментти бир убакта кайра эсептебей жатсаңыз, документти сактоодо "Калган товарларды нөлгө чыгаруу" баскычын баспаңыз.
Мүмкүн болсо, дүкөндүн иш убактысында инвентаризациялоону жүргүзбөңүз. Каталарды болтурбоо үчүн, кардарлардын активдүүлүгү күчөгөн маалда эмес, же белгилүү бир оварлардын тобун/дүкөн бөлүмдөрүнүн сатуусун токтотуу менен эмес, дүкөндүн жумуш убактысынан тышкары убакытта кайрадан эсептөөнү жүргүзүү жакшы.
Документ түзүү
Документтер/Товардык эсеп кошумча барагына өтүңүз. Жогорку сол бурчтан дүкөндү тандаңыз, андан документти түзүү керек. Андан кийин жогорку менюдан "+" баскычын басып, Инвентаризация документин тандаңыз.
Ачылган документтин аталышына Жооптуу жана Комментарий талааларын толтуруңуз. Документтин номери жана датасы автоматтык түрдө түзүлөт. Бардык документтер учурдагы күн менен гана түзүлөт.
Товарлар кошумча барагында документ түзүү үчүн:
- Бир же бир нече товарларды, оңдогуңуз келген калдыктарды тандаңыз. Эгерде Сиз, бардык товардын тандагыңыз келсе – тилкенин башындагы Аталышты желекче менен белгилеңиз.
Товарларды ыңгайлуу топтук тандоо үчүн чыпкаларды же топтук тандоону колдонуңуз.
Көңүл буруңуз! Документке 1000 саптан ашык киргизүүнүн сунуш кылбайбыз. Эгерде база көрсөтүлгөн сандан ашып кетсе, анда көлөмдү бир нече документтерге бөлүңүз.
- Жогорку менюдан + Документти басыңыз.
- Ачылган тизмеден Инвентаризацияны тандаңыз.
Тандалган товарлар документтин таблица бөлүгүнө кошулат.
Товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүү
Кайра эсептөөнү эки жол н жүргүзүүгө болот. Экөөнү тең карап көрөлү:
- Биринчиден, биз кайра санагыбыз келген товарлардын тизмеси менен ведомостту толтуруңуз. Муну кол менен тандоо, товарды тандоо сабына курсорду чыкылдатуу же сканерди колдонуу же ачылуучу тизмеден керектүү товардык топту тандоо аркылуу жасалышы мүмкүн. Документтин башындагы "0" белгисин чыкылдатуу менен, бардык ведомсоттор үчүн фактыны нөлгө келтириниз. Ведомостту басып чыгаруу жана түзүлгөн Инвентаризация документинин черновигин сактаңыз (Сактоо баскычын басыңыз). Кампадагы товарларды кайра санап, фактыны кагаз документине киргизиңиз. Андан кийин сакталган документтин черновигине товардын иш жүзүндөгү санын өткөрүңүз.
- Тиркемедеги Инвентаризация документине реалдуу калдыктарды дароо киргизиңиз. Бул, өзгөчө, эгер Сиз сканер менен кайра эсептеп жатсаңыз, ыңгайлуу. Бир товарды ар бир сканерлөөсү Факт тилкесинде +1 кошот. Аленка шоколадынын штрих-кодун төрт жолу сканерден өткөргөндөн кийин, документтин Факты тилкесинде "4" көрсөтүлөт. Калдыктарды кол менен киргизүү менен комбинациялоо мүмкүн .
Тизмеден товарды оңой издөө үчүн, таблицанын жогору жагында жайгашкан Ыкчам издөө сабын колдонуңуз. Издөө сканер аркылуу, ошондой эле аталышы же штрих-кодду кол менен киргизүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде ведомостко ашыкча товар кирип калса, мындай позиция менен сапты белгилеңиз жана документтин башындагы Корзина белгисин басыңыз.
Эсепте көрсөтүү
Эгерде Сиз документтер менен иштөөнү аяктасаңыз, ал туура толтурулганына көзүңүз жетсин, андан кийин документтин аталышынын жогорку сол жак бурчундагы Өткөрүлгөн жүгүртмөнү активдештириңиз жана Өткөрүү баскычын басыңыз.
Инвентаризация документин өткөргөндөй кийин: товардын калдыктары Факт тилкесиндеги калдыктарга барабар болот.
Документти кантип өткөрүү жана сактоо тууралуу толук маалыматты нускамадан окуңуз.
Көңүл буруңуз! Документ эсепте көрсөтүлгөнгөндөн кийин, аны оңдоого болбойт. Эгерде Сиз, эсепте документ көрсөтүлгөндөн кийин катаны тапсаңыз, Инвентаризациянын дагы бир документин түзүп, ката кетирилген позиция үчүн туура фактыны киргизиңиз.