Товарды оңдоо
Эгерде колдогу номенклатураны өзгөртүү керек болсо, мисалы, аталышты, өлчөө бирдигин жаңыртуу же товардык топту ыйгаруу үчүн Товардын кошумча барагына өтүңүз. Экрандын жогорку бөлүгүндөгү Түз оңдоо жүгүртмөсүн активдүү режимге алып келиңиз (ал кызыл менен белгиленет).
Көңүл буруңуз! Сатып алуу баасы, чекене баа жана саны сыяктуу параметрлерди түздөн түз оңдоо менен өзгөртүүнү сунуш кылбайбыз. Бул параметрлерди өзгөртүү үчүн документтерди колдонуңуз (товарлардын келип түшүүсү, кайрадан баалоо ж.б.).
Картаны оңдоо
Реестрде керектүү товардык позицияны “белги” менен белгилеңиз жана жогорку башкаруу менюсундагы Карандаш белгисин басыңыз. Ачылган карточкага өзгөртүүлөрдү киргизиңиз. Керектүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Сактоону басыңыз.
Көңүл буруңуз! Белги менен бир гана товар белгиленгенин текшериңиз. Өзгөртүүлөр бардык белгиленген позициялар боюнча колдонулат.
Реестрден оңдоо
Товарлардын реестринде жаңыртуу керек болгон маалыматтар менен уячаны эки жолу чыкылдатыңыз, же Enterди колдонуңуз. Уячалар ортосундагы тезинен которуулар, клваиатурадагы жебенин жардамы менен ыңгайлуу.
Бүтүндөй товарды оңдоо
Эгерде Сиз, көп сандагы товардык позицияларга бир эле убакта бирдей өзгөртүү киргизиңиз келсе – жалы оңдоону колдонуңуз. Мисалы, бир нече товарларга бирдей топту, өлчөө бирдигин же КНС коюмун дароо ыйгаруу зарыл болгондо.
- Реестрдеги керектүү позицияларды желекчелер менен белгилеңиз.
- Жогорку башкаруу менюсундагы Карандаш белгисин басыңыз.
- Ачылган товардык карточкага керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиңиз.
Бардык тандалган карточкаларга сүрөттү кошуу үчүн, аны жүктөө үчүн деген жерге алып келиңиз. Көңүл буруңуз! Жалпы жүктөөдө бир гана сүрөттү кошууга болот. Бардык тандалган карточкалардан сүрөттөрдү өчүрүү үчүн, бардык сүрөттө Тазалоо баскычын басыңыз. Көңүл буруңуз! бардык тандалган карточкалардагы бардык сүрөттөр өчүрүлөт.
4. Сактоо баскычын басыңыз – өзгөртүүлөр бардык белгиленген позицияларга колдонулат.
Эгерде маалыматтардын чоң массивин бегилөө керек болсо, мисалы, маркаланган бут кийимдин белгисин бардык товарга ыйгаруу үчүн, клавиатурадагы Shift баскычын колдонуңуз. 🠖 реестирндеги жогорку позицияны желекче менен белгилеңиз, 🠖 Shiftти басыңыз, төмөнкү позицияны желекче менен белгилеңиз: тизменин баары белгиленди жана жогоруда жазылгандай оңдоого өтүү керек.
Көңүл буруңуз! Кайсы гана болбосун өзгөртүү топтомодо автоматтык түрдө сакталат, бирок терминалда жаңылоо бир аз кармалуу менен жүрөт, эреже катары, жарым сааттан ашык эмес. Муну эске алыңыз, эгерде кассирдин жумуш убактысында өзгөртүү киргизсеңиз. Жаңыланган терминалга ыкчам жүктөө үчүн, терминалда: Дагы 🠖 Алмашуу 🠖 Терминалга жүктөөнү басып, мажбурлап жүктөңүз.