Товардык топтор менен иштөө
Товардын топтору да топчолору боюнча керектүү деталдаштырууну жөнгө салыңыз. Бул, топтун номенклатурасын оңой башкарууга жана калдыктарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Топтор менен иштөө үчүн, Товарлардын кошумча барагына өтүңүз. Демейдегидей кошумча барак кароо режимде турат. Эгерде Сизге, товардык топту өзгөртүү же өчүрүү керек болсо, оңдоо режиминдеги интерфейске которуңуз (башкаруу менюсунун сол жак блогундагы жүгүртмө автивдүү абалда турушу керек).
Топтун блогун ар кандай өзгөртүү үчүн:
- Топтун бөлүмүнө өтүңүз – ал Товардын кошумча барагынан жогорку панелинде турат.
- Бөлүмдө көрсөтүү үчүн ыңгайлуу режимди тандаңыз. Экөө жеткиликтүү:
Биринчиси демейдегидей орнотулган – жогорку панелдеги туура келген реестр, экинчисин товардын реестринен солго, капталдагы менюга чыгаруу керек. А га өтүү үчүн, сол жактагы Топту көрсөтүүнү басыңыз.
- Ар кандай оңдоолордон кийин, Дискет белгисин басып, өзгөртүүнү сактоо керек.
Товардык топту түзүү
Товардык топту ""+"" белгисинин жардамы менен кошуңуз. Ал топтун аталышынын же топтор боюнча жыйынтыктын жанында турат.
- Топ Бардык топтун жогорку сабынан оң жактагы ""+"" басуу менен кошулат.
- Топчо тандалган Башкы топтон сол жактагы "+" басуу менен кошулат.
Топтун атын көрсөтүп, өзгөртүүлөрдү сактаңыз.
Товардык топту оңдоо
- Эгерде аталышты өзгөртүү зарыл болсо, карандаш белгисин басыңыз, ал топтун аталышынан оң жакта жайгашкан. Оңдоолор киргизилгенден кийин өзгөртүүлөрдү сактаңыз.
- Топтун салымынын деңгээлин өзгөртүү үчүн, башкы каталогдн алдындагы каталогду у чычканча менен кармап алып келиңиз.
Товарлар тобунун иерархиясы
Топтун иерархиясы көп ассортименти бар дүкөндөр үчүн керек. Мисалы, Сизде эки чоң топ бар: “Азык-түлүк товарлары” жана “Азык-түлүк эмес товарлар”. “Азык-түлүк товарлары” тобунун ичинде экинчи деңгээлдеги “Сүт азыктары”, “Нан азыктары”, “Колбаса азыктары” ж.б.у.с. тобу болушу мүмкүн, ал эми “Сүт азыктары” тобунда үчүнчү деңгээлдеги «Сыр», «Сүт», «Кефир» топчосу бар. Үчүнчү деңгээлдеги топчонун ичинде товарлардын өзү бар.
Эгерде товарлар тобунун салымынын түзүмүн бир дүкөндөн экинчи дүкөнгө которгуңуз келсе, мисалы, ассортиментти кеңейтүүдө же жаңы сатуу түйүнүн ачууда иерархияны колдонуу ыңгайлуу.
Excel форматындагы номенклатурада товарлар тобунун иерархиясын колдонуу үчүн, Топ тилкесинде топту көрсөтүү керек жана «1-топ \\ 12-топ \\ 123-топ» форматында Топтун түзүмүнүн тилкесинин талаасын толтуруу керек, ал жерде 1-топ – биринчи деңгээлдеги топ, 12-топ – экинчи деңгээлдеги жана 123-топ – үчүнчү деңгээлдеги.
Номенклатураны жүктөгөндөн кийин, башкаруу панелиндеги Топтун бөлүмүндө сол жактагы топту Көрсөтүүнү басыңыз жана панелдин сол жагында пайда болгон топтун салымын текшериңиз.
Эгерде импорттолуучу файлда тиркемедги топтордун реестринде турган, аталыштары менен топ болсо, анда бул топтор импорттоодо өткөрүлөт жана түзүлбөйт. Өтүнүч, Топтун жана Топтун түзүмүн тилкеден кайра текшериңиз.
Товардык топту өчүрүү
Оңдоо режиминде өчүрүлө турган топту белгилеңиз:
- Эгерде бирөө гана болсо, бардык топтон желекчелерди алып салыңыз жана керектүүгө белгилеңиз.
- Эгерде бир нече болсо, бардык топтон желекчелерди алып салыңыз жана аларды өчүрүлө тургандарга белгилеңиз.
- Эгерде бардыгы болсо, Бардык топтун жогорку сабына желекчелерди белгилеңиз.
Корзина белгисин басыңыз жана өчүрүүнү тастыктаңыз.
Маанилүү! Товарлар менен топту өчүрүүгө болбойт. Адегенде аны бошткула – өчүргүлө же бардык товарларды башка топко алып баргыла.