Минималдуу калдык
Минималдуу калдыкты контролдоо төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет:
- Кампада мыкты товарлардын жок болушун алдын алууга.
- Суроо-талаптын өзгөрүү шартында жеткирүү боюнча закзадарды өз убагында түзүүгө.
- Жеткирүү мөөнөтүнүн өзгөрүшүнө ыкчам көңүл бурууга (минималдуу корду кайрадан эсептеңиз жана карточкадагы маалыматты жаңыртыңыз).
Минималдуу калдык талаасындагы товарлардын карточкасына санды – калдыкты киргизиңиз, мында кийинки жеткирүүгө заказды тариздөө керек. Бул талаа милдеттүү түрдө толтурууга жатпайт. Сиз, жогорку суроо-талап менен колдонулган товарларды гана көзөмөлдөй аласыз жана реестр түрүндөгү тилкелерди жашырып койсоңуз болот.
Качан товарлардын калдыгы белгиленген минималдуу мааниге жеткенде – программа бул жөнүндө билдирет. Товарлардын кошумча барагындагы Тез отчеттор баскычында жеткирүүчүгө заказ берүүнү билдирген сары белги пайда болот.
Кайсы товар минималдуу калдыкка жеткендигин көрүү үчүн, Минималдуу калдыкты контролдоо блогунан отчетторду пайдаланыңыз. Тез отчеттор менюсуна өтүп, алар боюнча калдыктары минималдуу калдыкка жеткен товарлардын тизмесин чыпкадан өткөрүңүз.
Отчет түзүлгөндөн кийин Сиз, керектүү товарларды белгилей аласыз жана Жеткирүүчүгө заказ берүү документин түзөсүз.