Еxcelдеги импорт жана экспорт номенклатуралары
Эгерде Сиз, көптөгөн жаңы товардык позицияларды тезинен түзүшүңүз керек болсо, Excel аркылуу алмашуу ыңгайлуу.
Мисалы, эгерде Сиз жаңы дүкөн ачсаңыз же товардын жаңы коллекциялары келсе. Жабдуучудан excel форматындагы коштомо кагазды алып, жарым сааттан кийин сиздин терминалда жаңы товардык карточкалар пайда болот. Дагы бир нече мүнөттөн кийин Сизге бул товарга тиркемедеги баалыктарды басып чыгаруу талап кылынат.
Сиз, Excelден номенклатураны тез түзүү кызмат көрсөтүүсүн заказ кылсаңыз болот. Жаңы товарлар бир нече мүнөттөн кийин сиздин терминалда пайда болот.
Же, нускаманы колдонуу менен товардык маалымдаманы өз алдынча толтуруңуз.
Excelден импорт, ошондой эле экспорт катары Excelдеги же CSV маалыматтары жеткиликтүү.
Эгерде сиздин товарлар менен дүкөнүңүз болсо жана Сиз тармакты кеңейткиңиз келсе – биринчи дүкөндөгү номенклатураны жүктөңүз, калдыктар менен талааны тазалаңыз жана жаңы дүкөнгө файлды жүктөңүз.
Сиз бир нече мүнөттүн ичинде баалыктар, өлчөө бирдиктери жана товардык топтор менен барык номенклатураны аласыз.
Номенклатураны жүктөө
Маалыматтарды даярдоо
Маалыматтарды толтуруунун мисалы менен маалыматтарды толтуруу үчүн, Excelден импорттун кошумча барагында тиркелген шаблонду импорт үчүн колдонсо болот.
Алар үчүн сизде маалымат жок ашыкча тилкелерди өчүрүп салса болот (мисалы, товарда штрих код же товардык топ жок болсо). Ошондой эле Excel форматындагы башка файлды колдонсо болот.
Файлдагы маалыматтар бир нече талаптарга туура келиши керек:
- Таблица файлдын биринчи барагында турушу керек жана А1 уячасынан башталат.
- Таблица бош жашыруун саптарды жана тилкелерди камтыбашы керек.
- Сандарды гана камтыган уячалардын форматы (мисалы, штрих-код, код) сан менен көрсөтүлүшү керек.
- Ар бир тилкенинин аталышы болушу керек.
- Эгерде Сиз, товар "Сатыкта" белгиси менен дароо жүктөлүшүн кааласаңыз, файлга "Сатыкта" деп аталган тилкени киргизиңиз жана ар бир позиция үчүн ЧЫНДЫК маанисин камтышы керек.
Көңүл буруңуз!
Эгерде Сиз жаңы товарларды кошсоңуз, таблицага минимум бир тилкени – аталышты киргизиңиз, бирок өлчөө бирдигин, бааны жана штрих-кодду (эгерде болсо) дароо жүктөө ыңгайлуу.
Эгерде Сиз, колдогу номенклатураны жаңыртсаңыз, таблица файлдагы жана топтомодогу товарларды салыштыра турган тилкени камтышы керек.
Бул, uuid (топтомодогу товардын бөтөнчө идентификатору) же штрих-код. Аталышы, коду же артикулу сыяктуу мындай талаалар эреже катары, бөтөнчө болуп эсептелбейт жана алар боюнча салыштырууга болбойт.
Эгерде файлда товар үчүн “Сатыкта” белгиси көрсөтүлбөсө, номенклатура сатууга тыюу салуу менен жүктөлөт.
Бул параметр товарды жалпы редакциялоону колдонуу менен тиркемеде өзгөртсө болот.
Биз, 1000 саптан ашык файлды жүктөөнү сунуш кылбайбыз.
Эгерде маалыматтар жүктөө үчүн көп болсо – товарлардын тизмесин бир нече файлга бөлүңүз.
Товарлардын тобунун иерархиясын эсепке алуу менен, номенклатуранын импорту жеткиликтүү.
Бул, дүкөндөр ортосундагы топтун түзүмүн жылдыруу үчүн ыңгайлуу.
Файлды жүктөө
- Номенклатураны жүктөө үчүн Excelден Импорт 🠖 Товарлар бөлүмүнө өтүңүз.
- Жүктөө үчүн даярдалган файлды тандаңыз.
- Товарды жүктөй турган дүкөндү көрсөтүңүз. Эгерде Сиз, бир нече дүкөнгө жүктөөнү кааласаңыз – ар бири үчүн операцияны кайталоо керек.
- Жөнгө салууну көрсөтүңүз: Бөтөнчө ачкыч терезесине жаңы товарларды кошкондо, “ Жаңы товар түзүү ” маанисин калтырабыз. Бөтөнчө ачкыч терезесинде болгон номенклатура боюнча маалыматтарды өзгөртүүдө, топтомо (uuid же штрих-код) менен файлга товардын туура келерин кайсы талаа менен издөө керектигин көрсөтүңүз.
- Ар бир тилке үчүн – кайсы талаага товардын карточкасын файлдан тилкеге киргизүүнүн туура келерин коюп чыгыңыз.
- Андан ары басыңыз. Файлды жүктөө бир канча убакытты алышы мүмкүн, эреже катары, бул маалыматтардын көлөмүнө жараша болот.
- Маалыматтарды жүктөө ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө билдирүүнү күтүңүз.
- Товарлар кошумча барагына өтүңүз жана номенклатура менен иштөөнү улантыңыз.
Көңүл буруңуз! Номенклатураны жаңыртууда аталышы жана коду боюнча товардын индентификациясы ылайыксыз. Издөөнү жүргүзө турган маани, ката болтурбаш үчүн бөтөнчө болушу керек.
Номенклатураны түшүрүү
Номенклатураны Excelге жүктөө үчүн, Товарлар кошумча барагына өтүңүз жана жогорку сол жак бурчта жайгашкан Аспаптар баскычын басыңыз. Ачылган терезеден Excelге жүктөөнү басыңыз. Таблица товардын бөтөнчө UUID идентификаторун камтуу менен, тиркемеде турган товарлар боюнча бардык маалыматтарды камтыйт.
Эгерде Сиз, номенклатуранын бардыгын эмес, бир бөлүгүн гана excelге көчүргүңүз келсе, Товардын кошумча барагына керектүү чыпкаларды (топту ж.б.) орнотуңуз, андан кийин таблицанын кайсы гана болбосун уячасы чычканчанын оң жак баскычы менен чыкылдатыңыз, пайда болгон менюдан Экспорт 🠖 Excelге Экспортту тандаңыз.