Баалыктар жана этикеткалар
Софт Ритейл тиркемесинде Баа тегдери модулу баа тегдерин жана энбелгилерин басып чыгарууга мүмкүндүк берет.
Сиз модулдун жардамы менен төмөндөгүлөрдү жасай аласыз:
- Баалыктарды басып чыгаруунун алдында товардын аталышын жана сүрөттөлүшүн өзгөртүңүз.
- Товардын калдыктарынын саны боюнча баалыктарды басып чыгарыңыз.
- Басма формасында (аталышы, артикулу, коду ж.б.у.с.) чыгаруу алдында керектүү талааны өчүрүү же кошуу керек.
- Талаанын өлчөмүн, алардын макетте жайгаштырылышын өзгөртүңүз, ошондой эле шрифтин өлчөмүн жөнгө салыңыз
- Акциялар жана арзандатуулар үчүн баалыктарды басып чыгарыңыз, “Мурунку баасы” талаасы, ошондой эле кезектеги баа түс менен чагылып турушу мүмкүн.
- Баалыктын кошумча жогорку жана/же төмөнкү тексттик тексттик талаасын киргизиңиз жана эркин текст менен толтуруңуз, мисалы, уюмдун аталышы же “100 грамм үчүн баа”.
- Баалыктын же этикетканын өлчөмүн жөнгө салыңыз.
- Издөө сабы аркылуу же товардык топ боюнча автоматтык түрдө сканер аркылуу товарды кошуу ыңгайлуу.
Басып чыгаруу үчүн товарды кантип кошуу керек
Товарды кошуу үчүн кайсы гана болбосун ыңгайлуу ыкманы колдонсо болот:
Баалыктардын модулунан
- Товарлардын кошумча барагынан Баалыктар баскычын басыңыз же Баалыктарды жөнгө салууну ачууну тандаңыз.
- Товарлар бөлүмүндө ачылган терезеден издөө сабы аркылуу (сканерди колдонсо болот) же товардын бир же бир нече тобун тандоо аркылуу позицияны тандаңыз.
Товарлардын кошумча барагынан
- Товарлар кошумча барагын ачыңыз.
- Позицияларды желекче менен белгилеңиз же товарларды массалык түрдө белгилөөнү колдонуңуз*.
- Башкаруу панелиндеги Баалыктар баскычын басыңыз – тандалган товарлар Баалыктар модулуна кошулат.
- Товарлардын кошумча барагынан кошууда, товарлар үчүн баалыктардын санын тандаса болот: 1 даана же товардын калдыгы боюнча (терс маани үчүн 0 коюлат).
- Модуль менен ишт өөнү улантуу үчүн, Баалыктар баскычын кайрадан басыңыз же Баалыктарды жөнгө салууну ачууну тандаңыз.
“Товарлардын келип түшүүсү” жана “Кайрадан баалоо” документтеринен
Ачылган документтеги штрих-код белгисине чычканчаны алып барыңыз:
- Кайсы товарларга баалыктарды басып чыгаруу үчүн тандаңыз: тандалган позициялар үчүн, бардык позициялар үчүн, жаңы чекене баалары менен позициялар үчүн.
- Баалыктарды кошуу үчүн параметрлерди тандаңыз: Документтеги товарлардын саны боюнча 1 даанадан.
Балыктарды түзүү модулуна өтүү үчүн, Баалыктарды жөнгө салууну ачууну басыңыз.
* Чоң тизме массивдерин тез тандоо үчүн, жогорку сапты текшериңиз, андан кийин тизмени ылдый жылдырып, клавиатураңыздагы Shift баскычын басып туруп, тизменин ылдыйкы сабын текшериңиз.
Модулга киргизилген товарларды кошууда, басып чыгарууга карата баалыктардын саны көбөйөт. Ар бир позиция үчүн баалыктардын санын берсе болот, же Баалыктардын модулунун таблицалык бөлүгүнөн кол менен оңдосо болот.
Баалыктарды кантип оңдоо керек
Баалыктардын талаасын жөнгө салуу
Сиз баалыкты же эткетканы басып чыгарууга ачылган талааны кошуп жана өчүрө аласыз. Мисалы, таразалануучу товарлардын штрих-кодун гана басып чыгаруу же уюмдун аталышын же баалыкты басып чыгаруу датасын киргизүүгө боло турган кошумча текст таласын чыгаруу.
Басып чыгаруунун алдында товарларды ылгоону өзгөртүңүз (мисалы, артикулу, коду же алфавиттик тартиби боюнча бракка баалыкты коюу.
Тандалган өлчөмгө ылайык, баалыктардын талаасын көбөйтүү/азайтуу жана бири бирине салыштырмалуу талаалардын жайгашуусун өзгөртүү.
Туура PDF басып чыгаруу үчүн, талаалардын суммасы 100%дан ашыкты түзбөшү керек (цифра баалыктын схемасы алдында көрсөтүлөт). Уруксат берилген өлчөм ашырылган учурда, параметерлерди өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө эскертүү пайда болот.
Тандалган талаалардын топтомун белгилөө үчүн, талаа конструкторунун сол жагындагы дискет белгисин басыңыз. Ошентип, Сиз жөнгө салуунун алты ар кандай вариантын сактап каласыз.
Шрифтерди жөнгө салуу
Баалыктардын конструктору төмөндөгүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
- Абдан көп кездешүүчү тизмеден шрифти тандоону.
- Аталышы жана Сүрөттөө талаалары үчүн өз ыктыяры менен шрифтин өлчөмүн өзгөртүүгө.
Шрифттин өлчөмүн белгилөө үчүн, Шрифтин өлчөмүн белгилөө талаасын белги менен белгилеңиз жана керектүү өлчөмдү белгилеңиз. Демейдегидей максималдуу өлчөм коюлат, аны менен текст берилген жерге бир сапка батат.
Эгерде шрифтин тандалган өлчөмү менен тандалган жерге тексттин бир бөлүгү батпаса, система бул жөнүндө эскертет, чыпкалайт жана басылгандын чегинен чыгып кеткен бардык талаа таблицада көрүнөт.
Басып чыгаруунун жөнгө салууларына берилген баалыктар батпаган тексттерди карап чыгыңыз жана туура келген чечимди тандаңыз:
- Тексттин узундугун кыскартыңыз (өзгөртүүлөр баалыктардын конструкторуна гана тиешелүү болот).
- Шрифтин өлчөмүн азайтыңыз (эгерде текст эки сапка батса, максималдуу мүмкүн болгон шрифтин өлчөмүнөн жарымын тандаңыз.
- Пайыздагы туура келген масштабды талаанын бийиктиги блогунда көрсөтүү менен, талаанын бийиктигин көбөйтүңүз (таланын бийиктигин көбөйтүү менен, шрифтин максималдуу өлчөмү көбөйөт, ошондуктан, талаанын бийиктиги көбөйгөндөн кийин, шрифтин максималдуу мүмкүн болуучу өлчөмүнөн жарымын тандаңыз).
Эгерде сапка баалыктын батпай калгандыгы жөнүндө эскертүүгө көңүл бурулбаса, басып чыгаруу чегинен чыгып кеткен текст кесилет.
Текстти оңдоо
Басып чыгаруу алдында товардын аталышын жана сүрөттөлүшүн оңдоого болот, Бул, айрымдарда бизнестин өзгөчөлүгүнө жараша товардын аталышы абдан узун болгондо, же “ассортиментте” бир түрдүү товар сатылганда колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болот.
Сүрөттөө талаасы акциялар жана арзандатуулар жөнүндө көңүлдү буруу үчүн таасир берет.
Көңүл буруңуз! Өзгөртүлгөн аталыш жана сүрөттөө баалыкка жазылат, бирок товардын карточкасында сакталбайт.
Арзандатуу менен баалыкты кантип жасоого болот.
Товарлардын акцияларына жана арзандатуулараныа карата сатып алуучулардын көңүлүн кошумча бургуңуз келсе, Мурунку баа блогун пайдаланса болот.
- Баалык талаасынын конструкторуна Мурунку баа бөлүгүн киргизиңиз, эгерде кааласаңыз жаңы баанын кошумча киргизсеңиз болот.
- Баалык модулунун таблицалык бөлүгүнө “мурунку бааны” көрсөтүңүз – ал баалыктан чийилип калат, ал эми товардын карточкасынан баа арзандатууну эске алуу менен, жаңы баа катары баалыкта көрсөтүлөт.
Сиз, сатыктын мурунку баасын жалпы оңдой же белгилей аласыз, бул үчүн керектүү товардык позицияны белгилеңиз жана мурунку баа менен Иш-аракеттер менюсундагы пунктчалардын бирин колдонуңуз.
- Мурунку бааны эсептөө – мурунку баа тандалган позициялар үчүн берилген формула боюнча эсептелет.
- Тандалган позициялар үчүн мурунку бааны өчүрүү – мурунку баа тандалган позициялар үчүн таблицадан өчүрүлөт.
- Позиция үчүн мурунку бааны өчүрүү, ал жаңы баадан аз же жаңы баага барабар болгон жерде – мурунку баа бардык позиция үчүн таблицадан өчүрүлөт, айрымдарында мурунку баа аз же жаңы баага барабар болгондо.
Берилген арзандатуулар же өткөрүлгөн акциялар жөнүндө кошумча маалыматты, Сүрөттөө талаасында көрсөтсө болот.
Басып чыгаруу параметрлерин кантип берүү керек
Конструктор баалыктар ортосундагы бийиктигин, туурасын жана четтөөнү ийкемүү түрдө жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Жөнгө салынган форматтар бар, мисалы, А-4 же этикеткалардын принтери үчүн лента.
Бир баалыктын бийиктиги кол менен көрсөтүлөт. Баалыктын туурасы кагаздын тандалган өлчөмүнө жана тилкелердин санына жараша автоматтык түрдө эсептелет.
Эгерде этикетканын басып чыгаруу керек болсо, Лента режимин тандаңыз, колдонула турган этикетканын бийиктигин жана туурасын жана ички четтөө өлчөмүн белгилеңиз (эреже катары 1 мм).
Баалыктар үчүн А4 режимин танданыз, баалыктын бийиктигин жана ички четтөөнү, ошондой эле кагаздын туурасына канча баалык бата тургандыгын көрсөтүңүз.
Баалыктарды же этикеткаларды кантип басып чыгаруу керек
- Бардык жөнгө салуулар киргизилгенден кийин, модулдун аталышындагы Баалыкты жүктөөнү басыңыз жана каомьютерге файлды жүктөөнү күтүңүз.
Эгерде көрсөтүлгөн параметрлер бардык тандалган позициялар үчүн баалыктарды туура басып чыгарууга мүмкүнчүлүк бербесе, эскертүү пайда болот. Сиз, басып чыгарууну жөнгө салууга кайтып келсеңиз же басып чыгарууну улантсаңыз болот. Эгерде Сиз, жөнгө салууну өзгөртпөстөн туруп басып чыгарууну улантсаңыз, баалыкка батпай калган текст кесилет.
Жүктөөдө көйгөй пайда болгондо, браузерди жөнгө салууну текшериңиз. Ал бир сайттан файлдардын көп жолу жүктөлүшүн тосмолушу мүмкүн.
2. PDF форматындагы файлды ачыңыз, маалыматтарды текшериңиз жана кадимки принтерге же этикетакалардын принтерине басып чыгарууга жөнөтүңүз.
Көңүл буруңуз! Басып чыгаруу сапаты жана этикеткалардын багыты принтердин жөнгө салынышы менен көзөмөлдөнөт.
Баалыктар менен иш аяктагандан кийин, таблица бөлүгүнөн маалыматтарды алып салуу үчүн Тазалоо баскычын басыңыз.
Эгерде Сиз, товарлардын бул тизмеси менен кечирээк иштөөнү улантууну пландасаңыз, анда модулду жабууда Сактоо баскычын басыңыз.
Эгерде Сиз, муну жасоону унутуп калсаңыз, программа товарлардын тизмесин эмне кылуу керек: андан ары иштөө үчүн сактоо же аны өчүрүү керекпи деген суроону берет.
Көңүл буруңуз! Эгерде Сиз мурда модул менен иштесеңиз, бирок ишти аяктаганда форманы өчүрбөсөңүз, кийинки жолу жаңы товар мурда сакталган тизмеге кошулат.