Контрагенттер менен эсептешүүлөр
Отчетто жеке маалымдамадан бардык контрагенттер боюнча маалыматты көрө аласыз: статусу, маалым даректери, калдыктары жана тандалган мезгил ичиндеги каражаттардын жүгүртүлүшү.
Отчет карыз менен өз убагында чараларды көрүү үчүн, контрагенттер менен эсептешүүлөрдүн абалын баалоого жардам берет.
Отчет түзүү
- Аналитика → Контрагенттер менен эсептешүүлөр кошумча барагына өтүңүз. Демейдегидей отчет кезетеги айдын 1 числосунан тартып кезектеги числого чейинки мезгил аралыгына түзүлөт.
Башка мезгилди коюп, отчетту түзө аласыз, мисалы, акыркы 3 ай үчүн:
Отчет менен иштөө
Контрагентти табуу үчүн Тез издөө талаасын колдонуңуз: уюмдун атын же ТИНди киргизе баштаңыз.
Контрагенттердин кайсы актвидери боюнча карыз же аванса болгондугун көрүү, же нөл калдык менен контрагенттерди тандоо үчүн, тез чыпкаларды колдонуңуз.
Уюмдун атын эки жолу чыкылдатуу менен, өзгөртүү киргизүү, документтерди көрүү же эсептешүүлөрдү оңдоо документин түзүү үчүн, отчеттон контрагенттин картасына тез өтсө болот.
Excelге экспорттоо
Отчетту Excel форматында жүктөп алуу үчүн, башкаруу панелинен Excelде Жүктөп алуу баскычын басып, аны компьютерге сактаңыз.