Soft Riteil logo
Тарифы Инструкции Установка
KY
RU
Тарифы Инструкции Установка
Кирүү
Cookies Cookies
Accept All
Колдоо
Коомдук тамактануу жана өндүрүш
Технологиялык карталар
Баштоо
Тиркемени орнотуу
Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр
Товарлар менен иштөө
Товарды түзүү
Товарды оңдоо
Товарды өчүрүү
Еxcelдеги импорт жана экспорт номенклатуралары
Баалыктар жана этикеткалар
Товардык топтор менен иштөө
Минималдуу калдык
Товарларды эсепке алуу
Ишке ашыруу
Товарлардын келип түшүүсү
Жеткирүүчүгө кайтарып берүү
Документтер менен иштөө
Инвентаризациялоо
Товарларды эсептен чыгаруу
Товарларды комплектөө
Товарларды комплектен чыгаруу
Товарлардын кыймылы
Кайрадан баалоо
Коомдук тамактануу жана өндүрүш
Технологиялык карталар
Өндүрүштөн чыгаруу
Технологиялык карталарды көчүрүү
Тамактын сатып алуу баасын кайра эсептөө
Отчеттор жана аналитика
Негизги көрсөткүчтөр
Товардын карточкасындагы аналитика
Продукт кыймылы жөнүндө отчет
Пайда боюнча салыштыруу отчету
Сатуу реестри
Товарлардын калдыктары
Контрагенттер менен эсептешүүлөр
КНС боюнча отчет
Сактоо мөөнөттөрү
Бириктирилген көрсөткүчтөр
Интернет-магазины
Создание витрины
Поставщики и покупатели
Создание контрагента
Редактирование контрагента
Аналитика в карточке контрагента
Контрагенты в документах товарного учета
Заказ поставщику
Взаиморасчеты с контрагентами
Платеж
Печатные формы документов
Тейлөө
Кошумча тейлөө
Excelден номенклатураны тез түзүү
Документтин басылган формасын жөнгө салуу

Технологиялык карталар

Технологиялык карталар курамдык товарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана тамак-ашты сатуу учурунда ингредиенттерди эсептен чыгарууну автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

Cappuccino Standard үчүн технологиялык картан жөнгө салып, ар бир сатууда калдыктардан сүт, дан кофеси жана капкагы менен стаканчик эсептен чыгарылат. Мында, чекке даяр тамак (капучино стандарт) жана анын курамдары көрсөтүлөт.

Кимге пайдалуу болот: кофе түйүндөрүнө, кафеге, пиво жана жеңил тамактануу жайларына, гүл саткан дүкөндөргө, майрамдык атрибуттарга, чакан өндүрүш ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө.

Технологиялык карталарды кошуу

Ишти баштоодон мурун, сиздин тарифтик планыңызда Софт Ритейл тиркемесинде керектүү сандагы дүкөндөр үчүн технологиялык карталар менен иштөө модулу бар экендигин текшериңиз.

Дүкөндү туташтыруу үчүн Документтер → Технологиялык карталар өтмөгүнө өтүп, жогорку сол бурчтагы Туташуу сөлөкөтүн чыкылдатыңыз. Ачылган терезеде дүкөндөрдү белгилеп, Сактоо баскычын басыңыз.

Технологиялык картанын модулу кошулган дүкөндөр, жогорку сол жак бурчтагы жашыл индикатор менен белгиленет.

Технологиялык картаны түзүү

Документтер → Технологиялык карталар кошумча барагындагы жогорку башкаруу менюсунда "+" баскычын басыңыз.

Жогорку тандоо сабында сканердин жарамды , же кол менен издөө менен, технологиялык картаны түзө турган товарды көрсөтүңүз. Эгер бул жаңы товар болсо, аны түзүү үчүн "+" баскычын басыңыз.

Төмөнкү тандоо сабын колдонуп, бир даяр товар же тамак үчүн ингредиенттердин тизмесин толтуруңуз.

Керектүү ингредиент (продукт) жок болсо, сиз жаңы продуктту түзүү баскычын чыкылдатуу менен аны тез түзө аласыз.

Эгер сиз ката кетирсеңиз же товарды кошуу тууралуу оюңузду өзгөртсөңүз, анда позицияны өчүрсөңүз болот. Бул үчүн, тизмедеги позицияын белгилеп, Корзина белгисин басыңыз.

Эгерде даяр тамак же комплект даана товар (кофе, букет ж.б.) болуп эсептелсе, анда таблицлак бөлүгүндөгү "Саны" талаасын гана толтуруу жетиштүү. Бул талаа ар бир сатууда канча ингредиенттерди эсептен чыгаруу керектигин көрсөтөт.

Ар бир ингредиент үчүн өлчөө бирдиктерине көңүл буруңуз. Мисалы, капучино үчүн кофе, сүт жана стакан колдоносуз - ар бир компонент үчүн анын өлчөмүн анын өлчөө бирдиктеринде (граммда кофе, литрде сүт, даана менен стакан) көрсөтүңүз.

Эгерде Сиз, Өндүрүш процессинин схемасын түзүп жатсаңыз, анда ингредиенттерди жана өндүрүш учурундагы жоготууларды эсепке алуу үчүн т салмак параметрлери керек:

  • Бирдиктин салмагын грамм менен көрсөтүңүз, Баштапкы салмак талаасы Саны талаасын эске алуу менен автоматтык түрдө толтурулат.
  • Таза салмак г, жана Чыгыш г талааларын толтуруңуз - МИ Жоготуу, % (Муздак иштеп чыгуудагы жоготуулар) жана ЫИ Жоготуу, % (Ысык иштеп чыгуудагы жоготуулар) талаалардын маанилери автоматтык түрдө кайра эсептелет.

Процесстин сүрөттөлүшү жана Комментарий талаалары товарды же тамакты даярдоо, чогултуу же өндүрүү процессин сүрөттөөгө арналган. Талаалар милдеттүү эмес болуп саналат жана "Технологиялык карта" документинин басылган формасына чыгарылат.

Сиз каалаган убакта рецептуарага же процесстин сүрөттөмөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз.

Технологиялык картаны сактоо жана өзгөртүү

Сактоо. Керектүү талааларды толтургандан кийин, технологиялык картасын сактап жана кошуңуз: жогорку сол бурчтагы Иштейт жүгүртмөсүн активдештириңиз, андан кийин Сактоо баскычын басыңыз.

Документтердин реестринде киргизилген технологиялык карта сол тилкеде желекче менен белгиленет. Желексиз – черновиктер же иштебеген технологиялык карталар.

Оңдоо. Иштеп жаткан техкартаны өзгөртүү үчүн жогорку оң бурчтагы жүгүртмөнү Сактоо абалына алып келиңиз. Рецептурага же сүрөттөмөгө өзгөртүүлөрдү киргизиңиз, Сактоо баскычын басыңыз

Өзгөртүүлөрдү сактагандан кийин бардык эсептен чыгаруулар жаңыланган маалыматтар боюнча жүргүзүлөт.

Өчүрүү. Колдонуудагы техкартаны өчүрүү үчүн - жогорку оң бурчтагы жүгүртмөнү Сактоо абалына алып келиңиз, андан кийин жүгүртмөнү активдүү эмес абалдагы Иштейтке жылдырыңыз. Сактоо баскычын басыңыз.

Техкартадагы товарлар жөнүндө маалымытты жаңылоо

Товарлар жөнүндө маалымдамадагы маалыматтар дайыма өзгөрүп турат, техкарталарда товарлар жөнүндө актуалдуу маалыматтар дайыма көрсөтүлүп турушу үчүн, программада товарлардан маалымдамалары менен айырмачылыкты текшерүү каралган.

Техкартадагы маалыматтардын актуалдуулугун текшерүү үчүн аны ачуу жетиштүү. Эгерде товарлар каточкаларында Аталышы, Өлчөө бирдиги, Коду, Сатып алуу баасы талаалары өзгөргөн болсо, программа өзгөртүлгөн талааларды бөлүп көрсөтүү менен бул тууралуу эскертет.

  • Аталышы, Өлчөө бирдиги, Коду, Сатып алуу баасы талааларын жаңыртуу үчүн, техкартадагы маалыматтары менен "Товарларды жаңыртуу" баскычын басыңыз.

Сатып алуу баасын жаңыртуу үчүн бааны кайра эсептөөнү колдонуңуз.

Ингредиенттерди жана тамактарды эсепке алуу

Эгерде колонуудагы технологиялык карта даяр тамакка же товарга байланыштырылса, анда мындай товар колдонуудагы технологиялык картага ылайык ингредиенттерди автоматтык түрдө эсептен чыгарат. Чектин негизинде Ингредиенттерди эсептен чыгаруу документи түзүлөт, анда негизги документтер көрсөтүлгөн: технологиялык картанын номери жана чектин номери.

Эгерде даяр тамакка, жарым фабрикатка же товарга колдонуудагы технологиялык карта (Өндүрүш) байланыштырылса, анда өндүрүү циклинин аяктагандан кийин мындай товар үчүн, Өндүрүштөн чыгаруу документин тариздөө керек. Мындай товар өндүрүштөн чыгарылганда анын калдыгы көбөйөт жана аны өндүрүү үчүн ингредиенттер колдонуудагы технологиялык картага ылайык автоматтык түрдө эсептен чыгарылат.

Техникалык карталардын реестри

Белгилүү бир тамак үчүн технологиялык карталарды тез табуу же колдонуудагы бардык карталарды кароо үчүн тез тандоо жана чыпкаларды колдонуңуз:

Макалада
Технологиялык карталарды кошуу Технологиялык картаны түзүү Технологиялык картаны сактоо жана өзгөртүү Техкартадагы товарлар жөнүндө маалымытты жаңылоо Ингредиенттерди жана тамактарды эсепке алуу Техникалык карталардын реестри
Soft Riteil logo
Поддержка
Частые обращения
пользователей
Инструкции Поддержка
Товарный учет
Обновления Товарный учет
Софт ритейл
Тарифы
Информация
Оферта Правила использования
сервиса
Политика конфиденциальности

Your request has been
submitted successfully